РОССИЯДА ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХИРУРГ КОНСТАНТИН ПУЧКОВДО ДААРЫЛАНУУ
Биз – ар кандайбыз: ар кандай өлкөдө жашайбыз, ар кандай тилде сүйлөйбүз, биздин терибиздин, көзүбүздүн жана чачыбыздын түсү ар башкача. Бирок жалпыбызга тиешелүү – бул оорулар, аларды даарылоо ыкмалары жана ден-соолукка ээ болуу каалоосу бар. Оор оорулардын көбүнчөсүн даарылоонун негизги методу- бул операция, хирургия – ал бардык дарыгерлер жана алар колдонгон өлкөлөр үчүн универсалдуу. Анын принциптери жүз жылдар менен азап тартып ишке ашырылган жана көп адамдардын жашоосу менен ыйланган. Бул жалпы принциптерди сактоо ар бир бейтапты жеке трагедиядан коргойт.
Дүйнө трансформацияланат: мамлекеттер арасындагы чек аралар, коомдор арасындагы тосмолор, социалдык катмарлар арасындагы тоскоолдор өчүп жатат. Интернеттин арты менен, Сиз өзүңүз дүйнө картасындагы каалаган чекитте өзүңүзгө дарыгер таба аласыз. Кантип жаңылып калбоо керек?
Тандоодо, принциптердин жана терминердин бир маанилүүлүгү – ачыктык, чындык, ишенимдүүлүк маанилүү. Өзүмдүн сайтымда мен бейтаптар жана дарыгерлер үчүн өз жан дүйнөмдүн бардык сырларын, өз кесиптик жүгүмдү жана турмуш тажрыйбамды, жана «Мен адамдарга жардам берүүнү жакшы көрөм» – өз жашоомдун негизги принцибин ачтым.
Ар бир дарыгер хирургдардын муундарынын тажрыйбаларына ээ болот, аны өзүнүкү менен толуктайт. Менин негизги кесиптик сырым – мен АКШнын, Европанын жана Россиянын эң улуу хирургдарынын ийгиликтеринен гана эмес жаңылыштыктарынан да дээрлик 25тен көбүрөөк жылдан бери үйрөнөм.
Дарыгерди тандаганда, жүрөгүң менен танда!
Эмне себептен бейтаптар башка өлкөдөн Россияга даарыланууга кетишет ?
Сиз көп жылдан бери ооруп жана айыгуудан үмүт үздүңүзбү? Сиздин өлкөңүздөгү медициналык чыгаандар Сизге жардам берүүдөн баш тартыштыбы? Сизге дүйнөнүн негизги илимий мектептеринде көп жолу ийгиликсиз операция кылыштыбы? Сизге дүйнөдө эч ким жардам бербесине Сизди ишендириштиби?
Мага жазыңыз puchkovkv@mail.ru, мен Сиздин суроолоруңузга жооп берем жана жардам берүүгө аракеттенем!
Профессор К.В. Пучков жөнүндө кененирээк
Константин Викторович Пучков — белгилүү россиялык хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор. Дүйнөнүн 20 өлкөсүндө 400дөн ашык окуучуларды даярдаган лапароскопиялык хирургдардын илимий-практикалык мектебинин негиздөөчүсү. Клиникалык жана эксперименталдык хирургиянын окутуучу борборунун директору. Швейцариялык университеттик клиниканын хирургия кызматынын жетекчиси (Москва ш.). 600дөн ашык илимий жарыялоолордун, 10 монографиялардын жана ойлоп табууга 18 автордук күбөлүк жана патенттер менен корголгон лапароскопиялык операциялардын уникалдуу технологияларынын автору, адистештирилген компьютердик программаларынын авторлошу.
Ишкердик багыттары
- - жатын миомасы
- - гениталдык пролапс
- - эндометриоз
- - жатын рагы
- -ретроцервикалдык эндометриоз
- - энелик бездер кистасы
- - энелик бездер рагы
- -тукумсуздук
- - Боор эттин кызыл өңгөч тешигинин чуркусу
- - өттүн таш оорусу
- - бөйрөк үстүндөгү бездердин шишиктери жана кисталары
- - көк боор кисталары
- -операциядан кийинки чуркулар
- - ахалазия
- - Баррет кызыл өңгөчү
- - киндик чуркусу
- - чурай чуркусу
- - боор кистасы
- - көтөн чучук рагы
- - жоон ичеги рагы
- - жоон ичеги девертикулезу
- - көтөн чучуктун түшүүсү
- - Нефроптоз (бөйрөтүн түшүүсү)
- - Бөйрөк кистасы
- - Бөйрөк рагы
- - Варикоцеле
- - Жижиң
- - Эрендик без аденомасы
Профессор Пучковдун дарыгердик практика мезгилинде 19 000ден көп операциялар жасалган
Билими
Академиялык билим1) 1987-жылы Университетте окуу мезгилинде Витебск ш. Хирургия боюнча бүткүл союздук олимпиадада Константин Пучков I-орунду ээлеген жана СССР жана ЖБЛКС БК Жогорку жана орто атайын билиминин министрлигинин Диплому менен сыйланган
2) 1988-жылы И.П.Павлов атындагы Рязань медициналык Университетти бүтүргөн
3) 1988 — 1990-жылдары жогоруда аталган Университеттин факультеттик хирургия кафедрасында клиникалык ординатурасын өткөн
4) 1992-жылы медицина илиминин кандидаты илимий даражасын изденүүдө диссертация жактаган
5) 1997-жылы— медициналык илимдердин доктору илимий даражасын алууга «Абдоминалдык хирургияда операциялык кийлигишүүнүн лапароскопиялык методдору» диссертациясын жактоо менен, 32 жашында өлкөдөгү эң жаш илимдин доктору болгон.
6) 2001-жылы Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин чечими менен К.В.Пучковго профессор илимий наамы ыйгарылган
Чет элдик такшалмалары1) 1995-ж. — Университеттик клиникада проф. Н. Мелоттинин жетекчилиги менен лапароскопиялык хирургия жана гинекология маселелери боюнча (Модема ш., Италия)
2) 1996-ж. — Университеттик госпиталда проф. Рихард Буес жана проф. Т. Беккердин жетекчилиги менен жалпы жана лапароскопиялык хирургия маселелери боюнча (Тюбинген ш., Германия)
3) 1997-ж. — проф. Х. Ричтин гинекологиялык клиникасында. Лапароскопиялык гинекология маселелери боюнча (Нью-Йорк ш., АКШ)
4) 1998-ж. — Улуттук Университеттик госпиталда, клиникалык эндоскопиялык хирургиянын башчысынын, Азиянын эндоскопиялык жана лапароскопиялык хирургдарынын Ассоциациясынын Президенти проф. Питер Гонун жетекчилиги менен лапароскопиялык жана тораскопиялык хирургия маселелери боюнча (Сингапур)
5) 1999-ж. — Азинвазиялык хирургия клиникасында проф. Рихард Буестин жетекчилиги менен лапароскопиялык хирургия маселелери боюнча («Медициналык Олимпик-Борбор», Мюнхен ш.,Германия)
6) 2002-ж. — Университеттик көп тармактуу ооруканада хирургиялык жардамды уюштуруу боюнча клиникасында (Мюнстер ш., Германия)
7) 2006-ж. — Эл аралык Эң аз-инвазиялык хирургия борборунда лапароскопиялык хирургияда операциялык жайларда пайдалануу маселелери боюнча (Берлин ш., Германия)
8) 2007-ж. — Европалык Жаңы хирургиялык технологиялар борборунда кирич артындагы кобулдун эндохирургия маселелери боюнча (Эланкур ш., Франция)
9) 2007-ж. — Европалык Телехирургия орборунда урологиялык ооруларды дарылоодо лапароскопияны колдонуу маселелери боюнча (Страсбург ш., Франция)
10) 2008-ж. — Европалык Телехирургия борборунда абдоминалдык хирургияда жана гинекологияда N.O.T.E.S. технологиясы менен маселелер боюнча (Страсбург ш., Франция)
11) 2009-ж — Университеттик Госпитал Борборунда операциялык гинекология бөлүмүндө, профессор Peter Von Theobald жетекчилиги менен тышкы гениталдык эндометриоздун жайылган формаларын хирургиялык даарылоону жакшыртуу маселелери боюнча (Каен ш., Франция)
12) 2009-ж. — Европалык Телехирургия борборунда — операциялык гинекологиялык эндоскопияда өнүккөн технологиялар (Страсбург ш., Франция)
13) 2010-ж. — Университеттик госпиталда операциялык хирургия бөлүмүндө проф. K. Krajinovic жетекчилиги менен өт таш оорусунун лапароскопиялык хирургияда бир порттук кирүүнү колдонуу маселелери боюнча (Вюсбург ш., Германия)
14) 2010-ж. — «Covidien» компаниясынын Европалык тренинг-борборунда, операциялык гинекологияда «S.I.L.S.» бир порттук системаны колдонуу маселелери боюнча (Эланкур ш., Франция)
15) 2013-ж. — Авелино ш. (Италия) «Villa dei Platani (GruppoMalzoni)» клиниканын базасында жана Неаполдо (Италия) «Clinica Ruesch» базасында, Эл аралык Италиялык-Россиялык 1-мектебинин алкагында, «Лапароскопия курсу менен эндометриозду даарылоо. Онкология жана эндометриоз».
16) 2014-ж. — Рим ш. (Италия) «Universita Cattolicadel Sacro Cuore» Университеттик госпиталынын базасында, профессор Giovanni Scambia жетекчили менен, «Advanced Laparoscopic Gynecology» көп күндүк эл аралык практикалык курсунда»
17) 2016 г.at the premises of the IRCAD Laparoscopic Training Center doing Gynecologic Oncology course
Эл аралык конгрессдерге катышуусу1) International Congress of Gynecologic Endoscopy 25-th Annual Meeting of the AAGL, Chicago, Illinois, 24 - 29 September, 1996.
2) 6th World Congress of Endoscopic Surgery, Rome, Italy, 31 May - 6 June, 1998.
3) 7th Annual Meeting of the International Society for Gynecologic Endoscopy, Sun City, South Africa, 15 - 18 March, 1998.
4) 7th International Congress of the European Association for Endoscopic Surgery, Linz, Austria, 23 - 26 June, 1999.
5) Global Congress of Gynecologic Endoscopy. 28-th Annual Meeting of the AAGL, Las Vegas, Nevada, 8 - 11 November, 1999.
6) 4th Annual Meeting European Society of Surgery, Krakow, 3 - 6 December, 2000.
7) 9th Annual Scientific Meeting of the Australian Gynecological Endoscopy Society, Gold Coast, Queensland, Australia, 16 - 19 April, 2000.
8) 8th Biennial Congress European Council of Coloproctology, 29 April - 2 May, Prague, Czech Republic, 2001.
9) Annual Regional Meeting Laparo-Vaginal Surgery in the 21-th Century of the International Society for Gynecologic Endoscopy, 30 August - 2 September, Budapest, Hungary, 2000.
10) 10th World Congress International Gastro-Surgical Club, 17 - 20 October, Rome, Italy, 2000.
11) II Central European Congress of Coloproctology, 11 - 15 May, Graz, 2006.
12) XV Annual Congress of the International Society for Gynecologic Endoscopy, March, Buenos Aires, Argentina, 2006.
13) 10th World Congress of Endoscopic Surgery, 13 - 16 September, Berlin, 2006.
14) 16th Annual Congress of International Society for Gynecologic Endoscopy, 18 - 21 March, Osaka, Japan, 2007.
15) 15th EAES Congress, 4 - 7 July, Athens, Greece, 2007.
16) 16th EAES Congress, 11 - 14 July, Stockholm, Sweden, 2008.
17) 11th World Congress of Endoscopic Surgery, 2 - 5 September, Yokohama, Japan, 2008.
18) Colorectal Congress (Colon cancer), 3 - 6 Dec., St. Gallen, Switzerland, 2008.
19) 24th EAU Congress, 17 - 21 March, Stockholm, Sweden, 2009.
20) 17th EAES Congress, 17 - 20 June, Prague, Czech Republic, 2009.
21) 95th American college of surgeons Clinical Congress, Chicago, IL, USA, 11 - 15 October, 2009.
22) 3rd Colorectal Congress, 2 - 5 Dec., St. Gallen, Switzerland, 2009.
23) 25th Anniversary EAU Congress,16 - 20 April, Barcelona, Spain, 2010.
24) 18th EAES Congress, 16 - 19 June, Geneva, Switzerland, 2010.
25) 13th World Congress on controversies in obstetrics gynecology & infertility, 4–7 November, Berlin, Germany, 2010.
26) 26th Annual European Association of Urology Congress, 18 — 22 March, Vienna, Austria, 2011.
27) 22nd Edition of Digestive Apparatus Surgery Conference, 5–6 May, Rome, Italy, 2011.
28) 20th ESGE Congress, 21-24 September, London, UK, 2011.
29) 20th EAES Congress, 20-23 June, Brussels, Belgium, 2012.
30) 21st SGE Annual Congress, 11-14 September, Paris, France, 2012.
31) 17th World Congress on controversies in obstetrics gynecology & infertility, 8–11 November, Lisbon, Portugal, 2012.
32) 1st International Congress for Endometriosis, 29 November-1 December, Sienna, Italy, 2012
33) 21st International Congress of the EAES, 19-22 July, Vienna, Austria, 2013.
34) 10th Congress of the European Society of Gynecology, 18-21 Sept, Brussels, Belgium, 2013.
35) 18th World congress on controversies in obstetrics, gynecology and infertility, 24-27 Oct, Vienna, Austria, 2013.
36) 14th World Congress of Endoscopic Surgery, 18-21 July, Paris, France, 2014.
37) 23rd ESGE Annual Congress, 24-27 September, Brussels, Belgium, 2014.
38) 3rd Annual Middle East Society for Gynecological Endoscopy (MESGE) Congress. - Antalya, 2015.
39) 1st Congress of the Society of Endometriosis and Uterine Disorders, 7-9 May, Paris, France, 2015.
40) 23rd International Congress of the EAES, 3-6 June, Bucharest, Romania, 2015.
41) 24th ESGE Annual Congress, 7-10 October, Budapest, Hungary, 2015.
42) 2-st Congress of the Society of Endometriosis and Uterine Disordes, 11-13 May, Barcelona, Spain, 2016.
43) 3-rd Congress of the Society of Endometriosis and Uterine Disordes, 5-8 April, Singapore, 2017.
44) 25-th International Congress of the EAES, 14-17 June , Frankfurt am Main, Germani, 2017.
45) 25-th World Congress on controversies in obstetrics gynecology & infertility, November 30 - December 2, Viena, Austria, 2017.
46) 27th ESGE Annual Congress, 7-10 October, 2018, Austria, Vienna.
Россиялык жана чет элдик ассоциацияларга мүчөлүгү1) Россиялык эндоскопиялык гинекологдор коому
2) Россиянын эндоскопиялык хирургдар коому
3) Санкт-Петербургдун акушер-гинекологдор коому (Ардактуу мүчө)
4) Европалык эндоскопиялык хирургдар коому
5) Европалык эндоскопиялык гинекологдор коому
6) Европалык урологдор коому
7) Азиянын эндоскопиялык жана лапароскопиялык хирургдар коому
8) Россиянын жазуучулар бирлигинин жана Жазуучулар-котормочулар бирлигинин Москвалык шаардык уюмунун мүчөсү
Дипломдору жана тастыктамалары
К.В. Пучковдун бейтаптарынын тандалган пикирлери.
I'm extremely pleased with Dr. Puchkov as well as the Swiss University Clinic. Great doctor and stuff! All first rate people, care.. and Mr. Puchkov is awesome! He is Awesome. He's very personable and he's great at what he does. The dearest with massive ability stuff were very helpful with pre and post surgery.
I come to Russia Moscow all the way from Florida, it is not easy nor free, but is worth it indeed. Thank You Doc For Excellent Service!! You are very much appreciated and I'm lucky our paths have crossed.
Здравствуйте! Сегодня вышла на работу после отпуска, чувствую себя прекрасно. Моя семья очень рада и им неверится, что так легко проходит у меня послеоперационный период, рубцы почти зажили и стали мало заметны. Хочу передать большое Человеческое Спасибо от моей мамы, многочисленных братьев и сестер за то, что так быстро, легко, а главное профессионально помогли мне избавиться от миомы матки и узла в щитовидке! Вы не представляете, как они были рады увидеть меня почти через неделю после операции веселой и здоровой после 4-х часового полета с Москвы! Огромное спасибо, за то, что ВЫ есть, даете возможность людям на здоровую жизнь, на беременность и роды после удаления различных опухолей. көбүрөөк оку
Сегодня вышла на работу после отпуска, чувствую себя прекрасно. Моя семья очень рада и им неверится, что так легко проходит у меня послеоперационный период, рубцы почти зажили и стали мало заметны.
Хочу передать большое Человеческое Спасибо от моей мамы, многочисленных братьев и сестер за то, что так быстро, легко, а главное профессионально помогли мне избавиться от миомы матки и узла в щитовидке! Вы не представляете, как они были рады увидеть меня почти через неделю после операции веселой и здоровой после 4-х часового полета с Москвы! Огромное спасибо, за то, что ВЫ есть, даете возможность людям на здоровую жизнь, на беременность и роды после удаления различных опухолей.
А главное, как удобно иностранным пациентам приехать и очень быстро пройти весь курс от обследований до операции. Приветливость всего персонала, всех врачей и медсестер, отличный уход дали мне силы очень быстро реабилитироваться в послеоперационный период.
Никогда не думала, что можно настолько приятно провести время в клинике! Желаю Вам и Вашей клинике процветания и больших успехов во всех начинаниях!
Большое Спасибо еще раз Вам, всем врачам и медперсоналу вашей замечательной клиники. Передавайте всем горячий привет от меня и моего супруга.
Кстати, если вдруг в будущем Вы надумаете приезжать с мастер-классом к нам в Киргизию, а может и в наш город Ош, то мы обязательно встретим Вас вкуснейшим пловом и горячими лепешками! Ждем Вас в гости!
С уважением, Каныкей, Киргизия, г.Ош
Саламатсызбы Урматтуу Константин Викторович. Энелик безинин эң чоң көлөмдөгү кистомасын алып таштоо боюнча операциясын ийгиликтүү өткөргөнүңүз үчүн, Сизге Константин Викторович абдан чоң ыраазычылык билдирем. Операция 2015-жылдын 11-февралында болгон, ал эми бир нече күндөн кийин эле, мен жайбаракат шаар ичинде басып жүрүп үйүмө бара алгам. Операциядан кийин бир ай өттү, өзүмдү жакшы сезип жатам. Менин шаарымдагы дарыгерлер эч нерсе айтышкан эмес, жадагалса кийинчерээк билингендей, так эмес диагноз коюлуптур. Наркоздон, операциянын өзүнөн жана операциядан кийин калыбына келүүдөн абдан коркком, клиникада эң аз дегенде бир ай жатышып керек болот деп ойлогом. көбүрөөк оку
Энелик безинин эң чоң көлөмдөгү кистомасын алып таштоо боюнча операциясын ийгиликтүү өткөргөнүңүз үчүн, Сизге Константин Викторович абдан чоң ыраазычылык билдирем. Операция 2015-жылдын 11-февралында болгон, ал эми бир нече күндөн кийин эле, мен жайбаракат шаар ичинде басып жүрүп үйүмө бара алгам. Операциядан кийин бир ай өттү, өзүмдү жакшы сезип жатам.
Менин шаарымдагы дарыгерлер эч нерсе айтышкан эмес, жадагалса кийинчерээк билингендей, так эмес диагноз коюлуптур. Наркоздон, операциянын өзүнөн жана операциядан кийин калыбына келүүдөн абдан коркком, клиникада эң аз дегенде бир ай жатышып керек болот деп ойлогом. Мен интернет аркылуу Сиз жөнүндө маалымат тапканым кандай бакыт. Көп дурус пикирлерди жергиликтүү дарыгерлер таңып жатышат - жарнама, деген күмөн саналар болду. Биздин шаарда жакшы адистери бар чоң онкологиялык борбор турганда, бир жакка эмнеге кетет деп таң калышкан. Бирок алар менде ишенүү сезимин туудурушкан эмес. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары менен Сизге кат жазганда, жооп алам деп ойлогон эмесмин. Кийинки күнү Сиз жооп бергенде абдан таң калгам. Сизден жооп алгандан кийин бардык күмөн-саналар калып калды. Профессор баарын мага жазып бергендей - мага эч бир дарыгер түшүндүрүп берген эмес.
Ушул сайттын окурмандарына кайрылгым келет. Азыр Сиз, Константин Викторович жана Щвейцариялык Университеттик Клиникасынын персоналы жөнүндө пикирлерди окуп жатасыз, жана терс пикирлердин жоктугу Сизге шектүү болуп, жана ушунун баары кандайдыр бир пиар компания сыяктуу сезилет. Чочулабаңыз! Бунун баары жарнама эмес, бардык ушул пикирлерди ыраазы болгон бейтаптар жазышат. Бош болбогондук жогору болгонуна карабастан (операциялар эртең мененки 8 ден башталып жана кээде кечки түнгө чейин өткөрүлөт), докторлордун электрондук почтасына сиздин жазылган сурооңуз жоопсуз калбайт!
Константин Викторович, Сиз операцияга кетип калганыңыздан, тилекке каршы мен өзүмдүн атымдан сизге ыраазычылык билдире албай калдым. Сиз таң калардык адамсыз, өз ишиңиздин эң жогорку кесипкөй, эң таланттуу хирургсуз. Мен клиникада болгондо, Сиз өз колуңуз менен жасаган укмуштарды уккам. Сиз аялдарга белек кылган эң улуу бакыт - бул эне болуу бакыты. Канча адамдардын жашоосун Сиз, сактап калып жатасыз! Сиз ушунчалык өз ишиңизди жана өз бейтаптарыңызды жакшы көрөсүз! Сизге Кудай көп-көп жылдарга бекем ден-соолук, бакыт, Сиздин оор бирок ушундай асыл ишиңизге ийгиликтерди, жаңы чыгармачыл пландарды жана ишке ашууларды берсин! Сиздин ар бир жаңы күнүңүз сүйүү жана жакшылыктын, кубаныч жана көңүл эргүүлөрдүн Укмуштуу күчү менен толсун! Сизди Кудай өзү колдосун! Үмүт берген жана адамдарга жардам берген ушундай чын жүрөктүү, ак ниеттүү Кудайдан берилген докторлор көбүрөөк болсо экен.
Сиздин клиникаңыздын бүткүл персоналына мага көрсөткөн медициналык жардамында, жогору профессионалдуугу жана камкор мамилеси үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип кетүүгү уруксат этиңиз. Бардык дарыгерлерге, медициналык айымдарга жана ресепшендеги сүйкүмдүү кыздарга жылмаюулары жана ак ниеттүүлүгү үчүн.
Павлова Елена Самара ш.
Көк боор кистасын алып салуу боюнча менин операциям Швейцариялык Университеттик Клиникасында 31.01.2015 жасалган. Биздин өлкөдө (Казакстанда) мага органды сактоого оңунан чыгаарына жана баары жакшы болооруна мени ишендирген дарыгер жолукпаганы өкүндүрөт. Мен 5 хирургдун кабыл алуусуна баргам, Израилде хирургдардан консультация алып жүргөм. Бардыгы бүтүн көк боорду алып салууга туура келээрин айтышкан. Мен 25 жаштамын, жана мен организмдин бөлүгүн алып туруп жөн эле кесип салууга болбойт деп эсептейм. Интернетте профессор Пучков К.В. жөнүндө маалымат таптык. Көп дурус пикирлерди жергиликтүү дарыгерлер таңып жатышат - жарнама, деген күмөн саналар болду. Бирок Константин Викторовичке биринчи каттан кийин бардык күмөн саналар калып калды. Профессор баарын мага жазып бергендей - мага эч бир дарыгер түшүндүрүп берген эмес. көбүрөөк оку
Мен баарына: эгерде турмуш жолунда дарыгерлер болсо, анда дал ушундайларды каалайм! Мен өз дарыгерлеримди аябай жакшы көрөм! Пучков Константин Викторочке, Роман Михайловичке, бардык мед.айымдарга, эбегейсиз чоң ыракмат, жана, тилекке каршы анестезиянын тунартуусунда мен өз анестезиологумдун атын эстеп калбаптырмын (Мен клиникадан айыгып чыккандан кийин, өзүмө суроо бердим: эмнени оңдоп же жакшыртуу керек болот деп кеңеш берейин десем . - жооп таба албадым. Башында мен деле Сизге окшоп издегичке киргизгем: «Пучков Константин Владимирович терс пикирлер».
Бул пикир роботтуку деген шек туудурбоо үчүн, мен өз атымдан ар бир адамга ушул аркылуу кантип өткөнүмдү айтып бере алам. Кат жазыңыздар ) alina_yantsen@mail.ru
Мен эми ар дайым баарына квалификацияланган жардам үчүн Швейцариялык университеттик клиникасына кайрылууну кеңеш берем. Менин тажрыйбаман өзүңүздөр таразалаңыздар. Мен 67 жаштамын. Медициналык ТЕЙЛӨӨДӨ ар кандайды башыман өткөргөм жана көргөм. Оорулардын бүтүн үймөгү бар болчу, ал эми бул жерде… 2012-жылдын апрелинде ведомстволук клиникасында бөйрөктөрдүн жөнөкөй Ультраүндүк изилдөөсүндө, мага оң бөйрөктөгү кистасынын болжолдуу диагнозун коюшту. Заманбап адам бул эменени билдирээрин түшүнөт. Кыскача айтканда, жылдын аягына чейин жашай албайм деп чечтим. Бирок чабалактоо керек! Ошондуктан, мен ушул диагноз боюнча адистерди издеп компьютердин алдында бир күн короттум. КӨЗГӨ БАТ ЧАЛДЫККАН ЖАРНАМА МЕНЕН УБАРАЛАНГАН ЭМЕС бир нече фамилияларды жана даарылоо мекемелерди таптым. көбүрөөк оку
К.В. Пучковдун бейтаптарынын видео пикирлери.
Бейтаптардын кээ бири интервью беришти жана Москвага даарыланууга келгенинин тажрыйбалары менен өз атынан бөлүшүштү. Алардын видеопикирлери төмөндө берилген
Профессор Пучков жөнүндө ар кандай өлкөлөрдөн кесиптештеринин пикирлери
Урматтуу кесиптештер, сиздер менен Швейцариялык университеттик клиникада такшалмамдын өз тажрыйбам менен бөлүшкүм келет. Австриянын жана Швейцариянын бир нече клиникаларында акушер-гинекологдун иш тажрыйбасы менен жана операциялык гинекологияда лапароскопиялык мүмкүндүктүн жактоочусу болуп, мен Москвага Швейцариялык университеттик клиникага келүүнү чечтим. Күнүгө кичи жамбаш көңдөйүндө кирич артындагы кобулда органдарга лапароскопиялык ыкма менен бир нече операция жасаган 30 жылдык стажы менен белгилүү жана таланттуу хирург, уникалдуу методикалардын авторунун өзү операциялык техникалардын сырлары менен бөлүшүүгө даяр болгон, дүйнөдө клиникалар анчалык деле көп эмес. Клиниканын иш уюмунун бир нече өзгөчөлүктөрүн жана хирургиялык даарылануунун тактикаларын белгилеп кетким келет. көбүрөөк оку
Урматтуу кесиптештер, сиздер менен Швейцариялык университеттик клиникада такшалмамдын өз тажрыйбам менен бөлүшкүм келет.
Австриянын жана Швейцариянын бир нече клиникаларында акушер-гинекологдун иш тажрыйбасы менен жана операциялык гинекологияда лапароскопиялык мүмкүндүктүн жактоочусу болуп, мен Москвага Швейцариялык университеттик клиникага келүүнү чечтим. Күнүгө кичи жамбаш көңдөйүндө кирич артындагы кобулда органдарга лапароскопиялык ыкма менен бир нече операция жасаган 30 жылдык стажы менен белгилүү жана таланттуу хирург, уникалдуу методикалардын авторунун өзү операциялык техникалардын сырлары менен бөлүшүүгө даяр болгон, дүйнөдө клиникалар анчалык деле көп эмес.
Клиниканын иш уюмунун бир нече өзгөчөлүктөрүн жана хирургиялык даарылануунун тактикаларын белгилеп кетким келет.
Мисалы, косультациялардын уюштуруунун жогору ылдамдыгы жана сапаты, текшерүүнүн пландоосу жана өткөрүлүшү жана ШУКда даарылануу: бейтаптын клиникага келүү убакытынан пландаштырылган операция жасоого чейин бир нече саат гана өтүшү мүмкүн! Боло турган консультациялардын, операцияга чейинки текшерилүүлөрдүн жалпы суроолорун клиниканын персоналы менен аралыктан талкулоого болот, профессор Пучков К. В. бардык атайын суроолорго эки күндүн ичинде бейтаптардан электрондук түрдө алган мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтарын жана анамнезин эске алуу менен өзү жооп берет. Мындайды мен Европада эч жеринде көргөн эмесмин. Чечим кабыл алуунун ылдамдыгына жана сапатына дагы бир уникалдуу фактор таасир этет: клиниканын негизги хирургу проф. Пучков бир нече адистештирүүгө ээ: хирургия, гинекология, урология жана онкология. Ошондуктан, даарылоодо интердисциплиналык жакындоону бул жерде бир гана адис камсыз кыла алат. Андан тышкары, бул бир адистиктин алкагында стандарттык операциялык ык-амалдардын чегинен тышына чыгууга жана оор же лапароскопиялык мүмкүндүк менен мурун аткарылбас болуп эсептелген маселелерди аткарууга мүмкүндүк берет.
Мисалы, репродуктивдик система органдарын гана эмес, ошондой эле көтөн-кын тосмосу, ичегилер, сийдик түтүкчөлөрү, табарсык (ар кандай адистердин бүтүн командасынын «күрөш талаасы») сыяктуу коңшу органдарды жана ткандары процесске катыштыруучу инфильтративдик эндометриоз боюнча операция кылууда, бардык этаптар проф. Пучков К. В. тарабынан аткарылат- бул операция кылуу убакытын болушунча абдан кыскартууга, анын сапатын жогорулатууга жана өзүнчө мыкты жыйынтыктарга жетүүгө (рецидивдердин жыштыгын азайтууга, оорунун белгилерин жоюуга, кымбат туруучу ЖРТ колдонуу зарылчылыгын азайтып спонтандык кошбойлуулуктун пайызын болушунча жогорулатууга) мүмкүндүк берет. Инфильтративдик эндометриоз боюнча операция кылуунун этаптарына, өзгөчө биригип жабышып калуу процессинде анатомияны калыбына келтирүү, ички жыныс органдарынын эндометриоддук чордонун алып таштоо, ири тамырларга жана сийдик аккычтарга жакын татаал топтолгон кичи жамбаштын ичиндеги эндометриоддук инфильтраттарды, зарыл болсо куймулчак-жатындык байламталарды, кындын төбөсүн кесүү, автордук методика боюнча анастомоза коюу менен көтөн чучуктун капталын шейвинг/резекция, ичегинин калган бөлүктөрүн шейвинг кылуу кирет.
Менин такшалмам учурунда клиникада инфильтративдик эндометриоз боюнча бир нече операция кылынган. Пучков К. В. ушундай операциялардын жүрүшүндө, оору синдромунун персистенциясы менен бирге шайкеш дарылоо болбосо, убакыт өткөндөн кийин ичегинин кептелмесине алып келе турган эндометриоддук очокторду табуу максатында ичке жана жоон ичегини тыкандык менен текшерүүгө көп көңүл бөлөт. Очоктор табылган учурларда мүмкүн болушунча патологиялык очокко ичегинин перпендикулярдык огуна карай түймөктүк былжыр-булчуңдүк жана боз-былжыр тигиштерди салуунун эсебинен катмарлардын кийинчерээк калыбына келүүсү менен ичегинин былжыр-булчуң катмарынын чегинде шейвинг-алып салуу жүргүзүлөт. Көпчүлүк учурларда бул ичегини кесип алып убактылуу ичеги стомасы менен сыртка чыгаруу зарылдыгынан качууга мүмкүндүк берет.
Миомектомияны чандыр артериясынын (интероперациялык каноону азайтуу максатында жатынды азыктандыруучу тамырларды коопсуз токтотуу) ички бутагын убактылуу окклюзиянын жана анкер жиби менен миоматоз түймөгүнүн жайын тигүүнүн атайын техникасынын фонунда жүргүзүлгөн К.В.Пучковдун сейрек кездешүүчү лапароскопиялык миомектомия методун пайдалануу, лапароскопия менен жатындын чоң өлчөмдөгү миомасында жана/же түймөктүн башкача үймөктөшүүсүндө миомектомияны аткарууга мүмкүндүк берет. Миометрияны сактоо менен түйүн жеринде гемостазды электр бычагы уютууну колдонуу зарылчылыгынын жоктугу жатында негиздүү жумурдун түзүүлүсүнө жардам берет. Ошентип, көп сандагы учурларда бойго бүтүрүү, баланы көтөрүү жана төрөө мүмкүндүгү калыбына келет.
Мындан тышкары, клиникада лапароскопиялык мүмкүндүк менен куймулчак-жатын бекитүүсүнүн көлөмүндө гениталдык пролапс боюнча операция кылынат. Бир нече гинекологиялык оорулар боюнча гистерэктомия операциясын өткөрүүнүн чегинде жатындын/жатын мойногунун молтогунун пролапсынын, молтокту белгилөөнүн жана жатындын байланыштыруучу аппаратын бекитүүнүн алдын алуулар жүргүзүлөт.
Швейцариялык Университеттик Клиникасын өз билимин мыктылоону каалаган бейтаптар да, адистер да үчүн Европадагы хирургиялык профилдин мыкты клиникаларынын бири катары сунуш кылам.
Dear Kostia, Thank you for nice e-mail.
I will wait you in the USA in a coming year
Be glad to show my achievements.
Hope to see you soon in the former-USSR countries during symposia and master-classes.
Happy New Year. Happy Holidays
Wish the best your loved ones.
With best regards, Samuel Badalian
Dear Professor Puchkov,
It was a pleasure to meet with you yesterday, and thank you for the invitation to join you in the OR. I think this is maybe a good opportunity for your Clinic and Cooper Surgical to collaborate. I look forward to meeting again in the near future.
Regards, Eamon Cooper Surgical Inc Eamon H.McGonigle
Константин Пучковдун катышуусу менен башка өлкөлөрдө конгресстер, мастер-класстар жана башка иш-чаралар
Константин Пучков ар жыл ар кандай конгресстерге жана мастер-класстарга катышат, жана ал жакта дүйнөнүн мыкты окутуу борборлорунда лапароскопиялык хирургияда чеберчилигин курчутпастан, өзү да лекцияларды окуйт, мастер-класстарды жана көрсөтмө операциялады өткөрөт.
Surgical masterclasses offered by the centre os Clinical and Experimental Surgery
2015-жылдын 19-20-ноябрында Sapienza Университетинин базасында (Италия, Рим ш.), ичеги карын жолдорунун органдарынын операцияларына арналган Бүткүл дүйнөлүк хирургдардын 26-конгресси өттү. Быйыл, конференциянын катышуучулары 3000 көп хирургдар болду, андан тышкары дүйнө жүзү боюнча операциялардын трансляцияларын 13000 жакын адам байкап отурушту. Конференция учурунда ар кандай анын катышуучулары реалдуу убакыт режиминде дүйнөнүн ар кандай 15 өлкөдөн – АКШ, Франция, Белья, Италия, Германия ж.б. операцияларды байкап отурууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
2. «NOSE (Natural Orifice Specimen Extraction) технологиясы боюнча көтөн чучуктун инфильтративдик эндометриозунда лапароскопиялык кесүүсү» — профессор К.В. Пучков «ОБЕРІГ» Универсалдуу клиникасынын жана Дипломсуз билим берүү улуттук академиясынын базасында (Киев, Украина) 2013-жылдын 11-13-декабрында өткөн А.Ф.Ефименко эстелигине V эл аралык юбилейлик илимий-практикалык конференция чегинде "Гинекологиялык хирургиянын жаңы адамы, 2013" мастер-классын өткөрдү.
3. «Оор эндоскопиялык хирургия, жаңычылыктар жана киргизүүлөр» эндоскопиялык гинекология боюнча эксперттердин 3-европалык митинги. - 2013-ж. 28-30 ноябрында өткөн «Оор эндоскопиялык хирургия, жаңычылыктар жана киргизүүлөр» эндоскопиялык гинекология боюнча эксперттердин 3-европалык митингинин -(Амстердам, Нидерланды) чегинде профессор К.В. Пучковдун лекциясы. Митинг Olympus компаниясынын (Япония) Европа өкүлчүлүгү менен уюштурулган.
4. «Боор эттин кызыл өңгөч тешик чуркусунун жана көтөн чучук рагынын лапароскопиялык хирургиясы» — профессор К.В. Пучков 2013-жылдын 7—8 ноябрында «Төш жана кирич көңдөйүнүн органдар хирургиясында азинвазиялык технологиялар» Донецк ш. Бүткүл украиналык конференциясында мастер-класс өткөрдү.
5. «Көтөн чучук рагынын лапароскопиялык хирургиясы» — профессор К.В.Пучков 2013-жылдын 18—20 сентябрында Киев ш. (Украина) «Адистештирилген хирургиялык жардам көрсөтүүнүн заманбап технологиялары» аттуу Бүктүл украиналык конференцияда мастер-класс өткөрдү.
6. «Жатын миомасын лапароскопиялык мүмкүндүк менен даарылоодогу заманбап технологиялар» - 2 көрсөтмө лапароскопиялык гинекологиялык операциясы менен мастер-классты 2013-жылдын 18-апрелинде Алматы ш. (Казакстан Республикасы), А.Н. Сызганов атындагы Хирургиянын улуттук илимий борборунунун (операциялык гинекология бөлүмүн) базасында өткөрдү.
7. «Лапароскопиялык гемиколэктомия» - Эл аралык катышуусу менен Казакстандын хирургдарынын IV конгресиинин чегинде колоректалдык көрсөтмө операциялары менен «Хирургиядагы жаңы технологиялар» мастер-классы 2013-жылдын 15-апрелден 19-апрелине чейин, Алматы ш. (Казакстан Республикасы), А.Н. Сызганов атындагы Хирургиянын улуттук илимий борборунунун базасында өткөрүлдү.
8. «Колоректалдык хирургияда, урологияда жана гинекологияда лапароскопиялык мүмкүндүк» — колоректалдык хирургияда, урологияда жана гинекологияда эң жаңы технологиялар боюнча тышка чыгып өткөрүгөн 3 күндүк мастер-класс 2013-жылдын 1-3 апрелинде Шанхайда (Кытай) COVIDIEN россиялык өкүлчүлүктүн колдоосу менен COVIDIEN компаниясынын (Швейцария) эң ири дүйнөлүк билим берүү борборунун базасында өткөрүлдү.
9. «Эндометриозду лапароскопия курсу менен даарылоо» - Эл аралык Италиялык-Россиялык 1-мектеби— эндометриозду хирургиялык даарылоонун эң жаңы технологиялары боюнча 5 күндүк лекциялары, мастер-класстары жана көрсөтмө операциялары менен тышкы чыгып өткөрүүчү мектеп, 2013-жылдын 25-февралынан 1-мартына чейин Италияда Авелино ш. проф.Мальцони «Villa dei Platani (GruppoMalzoni)» клиникасынын - эң белгилүү жеке клиникаларынын базасында жана 1919-жылдан бери болгон Неаполдогу «Clinica Ruesch» клиникасынын - Италиянын эң эски жеке клиникасынын базасында өткөрүлдү.
10. «Колоректалдык хирургиядагы жана урологиядагы жаңы технологиялар.Лапароскопиялык хирургия жана S.I.L.S бир портунун хирургиясы» — колоректалдык хирургияда жана урологияда эң жаңы технологиялар боюнча тышка чыгып өткөрүлгөн 2 күндүк мастер-класс 2013-жылдын 20-21 февралында Шанхайда (Кытай) COVIDIEN россиялык өкүлчүлүктүн колдоосу менен COVIDIEN компаниясынын (Швейцария) эң ири дүйнөлүк билим берүү борборунун базасында өткөрүлдү.
11. «Тиреоидэктомия: аз инвазиялык мүмкүндүк» — Алдынкы дүйнөлүк хирургдарды проф.P.Miccoli жана проф.М.Strik чакыруу менен жана көрсөтмө операцияларды жасоо менен проф. К.В.Пучковдун жетекчилиги астында эл аралык мастер-класс 2012-жылдын 7-декабрында Москвада Швейцариялык университеттик клиникасынын жана Karl Storz компаниясынын билим берүү борборунун базасында өткөрүлдү.
12. «Колоректалдык хирургиядагы жана урологиядагы жаңы технологиялар» — колоректалдык хирургияда жана эң жаңы технологиялар боюнча тышка чыгып өткөрүлгөн 2 күндүк мастер-класс 2012-жылдын 12-13 сентябрында Шанхайда (Кытай) COVIDIEN компаниясынын (Швейцария) эң ири дүйнөлүк билим берүү борборунун базасында өткөрүлдү.
13. «Операциялык гинекологиядагы инновациялык технологиялар» 2012-жылдын 30-апрелинен 4-майына чейин Энелик жана баладык улуттук илимий борборунун базасында Эл аралык конгресс (Астана ш., Казакстан Республикасы).
14. «Операциялык гинекологиянын жаңы маселелери» 2011-жылдын 26—30 сентабрына чейин Астана ш. (Казакстан Республикасы) Энелик жана балалык улуттук илимий борборунун базасында өткөрүлгөн эл аралык мастер-класс.
15. «Гинекологиядагы жаңы технологиялар» - 2011-ж. 22-24 июнунда Алматы ш. (Казакстан Республикасы) Казакстан Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин Акушердик, гинекология жана перинатология интеративдиу окутуу симпозиумун өткөрүү менен Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн — Операция жасоочу бөлмөдөн түз трансляция, Россия — Казакстан, Алматы ш. — Москва ш., Швейцариялык университеттик клиникасы, 2011-ж. июнь.
16. «Ичеги карын жолдорунун аппараттык хирургиясы.Крурорафия менен Тоуп боюнча (эки тараптуу) лапароскопиялык фундопликация» — операция жасоочу бөлмөдөн түз трансляция, Россия — Италия, Рим ш. — Москва ш., Швейцариялык университеттик клиникасы, 2011-ж. май.
17. «Лапароскопиялык хирургиядагы жаңы технологиялар» Франция, Эланкур ш., «COVIDIEN AG» билим берүү борбору, 2011-ж. апрель.
21. «Чоңдор жана балдар ыкчам хирургиясындагы эң аз-инвазиялык технологиялар» Өзбекстан Республикасы, Ташкент ш., Өзбекстан республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам медициналык жардамынын республикалык илимий борбору, 2009-ж. сентябрь.
22. «Лапароскопиялык онкохирургия» Өзбекстан Республикасы, Ташкент ш., Өзбекстан республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам медициналык жардамынын республикалык илимий борбору, 2007-ж. октябрь.
23. «Ичеги карын жолдорунун хирургиясы.Рактагы аорто-чандыр лимфаденэктомия менен көтөн чучуктун лакароскопиялык алдынкы кесүүсү» — операция жасоочу бөлмөдөн түз трансляция, Россия — Италия, Рим ш. — Москва ш., Абдоминалдык хирургия боюнча Эл аралык 18-конгресс, 2007-ж. 28-сентябрь.
Башка өлкөлөрдөн кесиптештери менен сүрөттөр
- Professors Feki, Puchkov and Major in the operating room
- Professors Feki, Puchkov and Major in the Professor's office
- Prof. K. Puchkov (Russia), Wittmann Joseph (Medtronic Covidien), IRCAD, Strasbourg (France), 24.06. 2016
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. A. Wattiez (France), IRCAD , Strasbourg (France), 24.06. 2016
- Prof. A. Wattiez (France), Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. O. Aziev (Russia) 23-st ESGE Annual Congress, 24-27 September, Brussels, Belgium, 2014
- Prof. V. Begenar (Russia), Prof. R. Botchorishvili (France), Prof. K. Puchkov (Russia), Kiev, 2013.
- Prof. M. Malzoni, Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. A. Popov (Russia) in the centre of photo. Clinica Ruesch, Napoli (Italy), 25.03.2013.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. Paolo Miccoli (Italy), Prof. Martin Strik (Germany) in the centre of photo. Swiss Clinic (Moscow), 7.12.2012.
- Prof. K. Puchkov (Russia), az an expert "NEW TECHNIQUES IN LAPAROSCOPIC COLORECTAL SURGERY" AT TRAINING CENTER AT COVIDIEN CLINICAL INSTITUTE, Shanghai (China), 11-13.09.2012.
- Prof. K. Puchkov, Miami (USA), 10.01.2012.
- Prof. A. Popov (Russia), Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. R. Botchorishvili (France) 20-th ESGE Congress, 21-24 September, London, UK, 2011.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Moscow (Russia), 20.07.2011.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. J. Marescaux (France), Strasbourg (France), 23.06.2011.
- Prof. M. Khaikin (Israel), Prof. K. Puchkov (Russia), Sheba Hospital, Tel-Aviv (Israel), 5.04.2011.
- Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Prof. K. Puchkov (Russia), Mont Blanc (France), 5.01.2011.
- Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Prof. K. Puchkov (Russia), Geneva (Switzerland), 2.11.2010.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. R. Botchorishvili (France), Astana (Kazakhstan), 25.10.2010.
- Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Prof. K. Puchkov (Russia), Moscow (Russia), 2.08.2010.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. K. Krajinovic (Germany), Wurzburg (Germany), 8.04.2010.
- Prof. K. Puchkov (Russia) has attended the following course as an expert «New Technologies in Laparoscopic Surgery», Elancourt (France), 10-11.03.2011.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Arkhangelsk (Russia), 25.10.2010.
- Prof. K. Puchkov (Russia), D. Gurov (Russia), Prof. A. Forgione (Italy), Arkhangelsk (Russia), 25.10.2010.
- Nicolette Iwan (Chef of Europe Covidien), Moscow (Russia), 22.03.2010.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. A. Wattiez (France), Strasbourg (France), 2.12.2009.
- Prof. Peter Von Theobald (France), Prof. K. Puchkov (Russia), Caen (France), 2.09.2009.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Hopital de La Tour, Geneva (Switzerland), 2.09.2009.
- Prof. K. Puchkov, Relais de Chateaux, Bordeaux (France), 11.08.2009.
- Prof. A. Forgione (Italy), Prof. K. Puchkov (Russia), Arkhangelsk (Russia), 25.04.2009.
- Prof. K. Puchkov, Chateau Margaux, Bordeaux (France), 08.05.2008.
- Prof. K. Puchkov, Les Planshes, Deauville (France), 06.04.2008.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. B. Heald (England), Strasbourg (France), 12.11.2007.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. R. Botchorishvili (France), St. Petersburg (Russia), 1.11.2007.
- Prof. A. Popov (Russia), Prof. H. Rich (USA), Prof. K. Puchkov (Russia), Tokyo (Japan), 17.04.2007.
- K. Puchkov (Russia), MEDICA 2006, Dusseldorf (Germany), 17.11.2006.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Da Vinci Surgical System, Prague (Czech Republic), 08.11.2006.
- Prof. K. Puchkov (Russia), E. Alekseev (Russia), Hospital MIC, OR 1, Berlin (Germany), 28.08.2006.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Hospital St. Marien, Berlin (Germany), 18.06.2006.
- Prof. Attila Louis Major (Switzerland), Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. G. Rocha (Switzerland), St. Petersburg (Russia), 6.02.2006.
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. G. Rocha (Switzerland), St. Petersburg (Russia), 5.02.2006.
- Prof. B. Weisbach (Gemany), Prof. K. Puchkov (Russia), Ryazan (Russia), 16.05.2003.
- Prof. G. Buess (Germany), K. Puchkov (Russia), O. Weiss (Germany), Munich (Germany), 10.06.1998.
- K. Puchkov (Russia), Prof. P. Go (Singapore), V. Fedenko (Russia), Singapore, 10.08.1998.
- Prof. G. Buess (Germany), K. Puchkov (Russia), Tubingen (Germany), 05.08.1996.
- Prof. G. Buess (Germany), K. Puchkov (Russia), Tubingen (Germany), 10.07.1996.
- Prof. P. Go (Singapore), Prof. K. Puchkov (Russia), Singapore, 15.07.1996. 4042/span>
- Prof. P. Majer (Australia), Prof. G. Ussia (Italy), K. Puchkov (Russia), Moscow (Russia), 20.06.1996
- Prof. K. Puchkov (Russia), Prof. P. Go (Singapore), Singapore, 02.08.1996.
- K. Puchkov (Russia), Prof. K. Lucas (USA), Modena (Italy), 20.04.1995.
Операция кайсыл жерде кылынат?
Операциялар Москвада Швейцариялык университеттик клиникада кылынат. Клиника жашоосунан сүрөттөр