«Тамада, ырчылар патенттин негизинде иштеши керек»
-Жеке ишкерлер каттоодон өтүп, ишкердүүлүгүн жүргүзө баштагандан кийин 2 түрдө салык төлөсө болот. Биринчиси, отчет тапшырып. Бул учурда эсепчи алып, бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүүгө туура келет. Экинчи, салыкты ыктыярдуу патенттин негизинде төлөө. Мамлекетибиз жеке ишкерлерди колдоо максатында, жеке ишкердүүлүктүн 81 түрүнө ыктыярдуу патенттин негизинде иштөөнү сунуштаган. Эми тамада, ырчыларга келсек, булар патенттин негизинде иштегени ыңгайлуу. Анткени бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүп салык кызматына отчет тапшырбайт. Ыңгайлуусу ушул - патент алуу.
Учурда күнүгө той болуп, анда тамадалар менен ырчылар, фотографтар кызмат кылышууда. Шаарыбыздагы шоу-бизнес өкүлдөрү тойлордо кызмат кылып киреше таап жатышканы менен салык төлөөгө маани бербей келишет. Бирок биздин башкармалыктын кызматкерлери да Өкмөттүн атайын буйругунун негизинде шаардагы тойканаларга рейд жүргүзүп, тамада, ырчы, фотограф, видеого тарткандардан патент талап кылышууда. Патенти жок иштеп жаткандарга акт түзүлүп, жазана салынды. Шаарыбыз чакан эмеспи, рейд тууралуу баары угушса керек, Эрнис Кулназаров, Канат Шанаев, Аман Ибраев баштаган бир нече тамадалар бизге келип, патент алып кетишти. Бул тармактагылар кайсы айда иштешсе ошол айга патент алышат. Ал эми иштебеген айлар үчүн салык төлөшпөйт. Маалымат үчүн айта кетели, Бишкекте тамада, ырчылар 2500 сом төлөшсө, бизде
• тамада, ырчылар - 2 миң сом;
• фотографтар - 800;
• операторлор - 1500 сом төлөшөт.
Жеңилдетилген шарттарга токтолсом, эгер жеке ишкер (тамада, ырчылар да ушул топко кирет) 3 айга алдын ала төлөсө 5%, 6 айга алдын ала төлөсө 10 % га арзан төлөшөт.
Азыр соцтармактарда тамада, ырчы-бийчилердин салык төлөөгө милдеттүүлүгү тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Мен сөз башында айтып кетпедимби, жеке ишкерликтин 81 түрү бар деп, базарда соода кылгандар, көчөдөгү дүкөндөр, күркөлөр, таксисттер, той салондору, чеберканалар, тил курстары, котормочулар, а түгүл бирдик жүктөгөндөр да тапкан кирешесинен салык төлөшөт. Ош шаардык Мамлекеттик салык кызматына ушул ыктыярдуу патенттен өткөн 2016-жылдын 9 айында 102.0 млн. сом түшкөн болсо, быйылкы жылдын 9 айында 115,0 млн. сом түшүп, өткөн жылга караганда 13,0 млн. сом ашыкча жыйналды. Мамлекетибизди мамлекет катары кармап турган эн негизги эки каржы булагы бар: ал салык жана бажыдан түшкөн кирешелер. Ал эми Конституциябыздын 55-56 беренесинде өлкө жаранынын 2 гана милдети бар: ата мекенди коргоо жана салык төлөө. Ошол үчүн мекенчил болуп, мыйзамды сыйлап салыкты төлөшүбүз керек. «Мамлекет бизге шарт түзүп берсин» дегендерге айтарым, биз мамлекетке эмне кылып жардам берип жатабыз, ушул тууралуу ойлонуп көрөлүчү.
Учурда биз шаарыбыздагы тамада, бийчи жана башка өнөрпоздордун тизмесин тактап жатабыз. Бул багытта мындан ары да иш алып барабыз. Жүргүзүлгөн 2 жумалык рейдден улам 70,0 миң сомдон ашык салык түштү. Салыктан түшкөн каражат кайра эле шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө жумшалат, мугулим, дарыгерлерге маяна берилет, апаларыбызга, аталарыбызга пенсия, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул төлөнөрүн унутпайлы.
Асылбек Өзүбеков, КРнын эмгек сиңирген артисти:
«Патент маселесин ызы-чуу кылбай эле төлөп койсо болот»
- Негизи каралган мыйзам боюнча төлөш керек. «Услуги торжеств и обрядов» деген пункту бар. Налог жана соцфондго деп төлөп койсоң болот. Иштебеген учурда төлөбөйсүң. Эми тамадалар, ырчылар, патент маселесин ызы-чуу кылбай эле ар ким өз абийири менен төлөп койсо көп деле оорчулук болбойт.
Канат Шанаев, ырчы, тамада, «Ой тобо» куудулдар тобунун жетекчиси:
«Бардык документтерим бар, бирок…»
-Мен ар 6 ай сайын концерт коем. Жеке ишкер катары бардык документтеним бар. Эми алып баруучу катары дагы патент алууга туура келип жатат. Мына кечээ жакында аны да алдык. Бирок кызык жери мен алган патент Ош шаарында гана жарактуу экен. Эгерде Кара-Сууга, Нарынга чакыруу болсо ошол жерге барып патент алат экем. Ушул жери мага жакпай турат. Биз иштейбизби же патент алат элем деп салык инспекциясын сагаалап жүрөбүзбү? Салык төлөөдөн качпайбыз, бирок бизге бир патент өлкө ичинде толук жарай турган болгондо эч нааразычылык болмок эмес.
Айпери Кулбаева, ырчы:
«Патент бүт өлкө ичине, анан чет жерге да жарай турган болсун»
-Мен ушул кезге чейин жеке ишкер катары концерт коюу үчүн салык төлөп келем. Ырчы катары 3 жыл мурун чет жакка чыкмак болгондо патент алгам. Азыр да алганга даярмын, качпайм. Бирок мени ойлондурган нерсе, тойго барып тамадалык кылганың же ырдаганың үчүн салык төлөө керекпи. Анткени бизди эл чакырып, эл төлөп берип жатат. Бизди сыйлап чакырган адамдын жакшылыгына барып кызмат кылуу менен өзүбүздү өзүбүз эптеп, бутубузга туруп жатабыз. Мейли алалы, бир патент бүт өлкө ичине, анан чет жерге да жарай турган болсун. Анткени, бизге Орусиядагы, Казакстандагы кыргыздардан да чакыруулар болуп турат. Андай учурда кандай кылабыз. Ал үчүн башка патент алабызбы.
Аман Ибраев, алып баруучу:
«Тамадаларга жапырт салык салынышы бир аз өөн учурап турат»
-Патентти мен 2014-жылдан бери алып келем. Расмий иш чараларга катышканда, чет жерлерге чыкканда керек болот. Ал эми тамадаларга жапырт салык салынышы бир аз өөн учурап турат. Жаш тамадалар бар, айына 1 же 2 эле тойго барган. Алар кантет? Анан дагы патенттин бир жерден алсаң экинчи жерге жарабастыгы. Мен мисалы, бүгүн Кара-Кулжага келдим. Эртең Жалал-Абадга чакырышты. 3-4 күндөн кийин Ошто тойго чакыруу бар. Ар бир жерден ала берсем тапканым патентке кетпейби? Тамадалар укмуш табат деген менен айрым учурда бекер деле барабыз. Тааныш-билиштердин, тууган-уруктардын тоюн бекер алып барып берсек, бюджеттик мекемелерде иштеген ага-эжелердин тоюнда мынча бер деп сурабайбыз. Көңүлүнөн чыкканын ала беребиз. Анан дагы тамаданын жанындагы музыканттарга сүрөтчү, бийчилерге салганы кандай? Бул туура эмес. Биз да Кыргызстандын жараны болгон соң бир эле патент өлкө ичинде жараса жакшы болмок.
Насыят Асаналиев, тамада, Бишкек шаары:
-Мен азырынча патент ала элекмин. Алса алып коебуз, анын эмнеси бар экен. Бирок бир жери жакпай турат, мисалы, бир райондон алсаң, башка районго жарабайт экен. Мен ошого каршымын, мисалы бир районго тамадасыңбы болду ошол жерден чыкпа деген нерсе да. Эгер той ээси сени жактырып башка районго чакырса кантесиң? Кокус башка жакка тойго барсак чуркап патент издеп алып барыш керекпи. Эгер кечиксең той ээси жаман көрөт.
Тамада, ырчы, чоорчу, кыскасы баарынын кабагы салыңкы. Кеп акчада эмес, ал акчаны төлөп деле коебуз, мамлекетке жардамыбыз болот.
Эрнест Бөрүбаев, тамада:
«Көйгөй ошол патенттин башка жакка жарабаганында»
-Биз концерт койгондо салык төлөп эле келе жатабыз, пайда тапкан-таппаганыбызга карабай. Концерттен мынча миң сом пайда таптым деген ырчыны уга элекмин али. Бишкектеги спорт сарайына концерт койгон бир да ырчы олчойгон пайда таба элек. Себеби ал жердин аппаратурасы өтө кымбат. Электр жарыгына өзүнчө төлөйсүң. Салыкчылар ар бир сатылган билетти санап, салыгын алышат. Ошого жараша шарты укмуш болсочу. Мисалы, Казакстандагы сахналардын жасалгасын көрүп ичиң күйөт. Койгон соң сөзсүз патент аласың. Бул эми жеке ишкерлик жагың. Ал эми тойлорду алып барганың үчүн салык төлө дегендик чийки иштелген мыйзамдын натыйжасы. Мейли төлөйлү, мына азыр да менин патентим бар, бирок бул патент мисалы Бишкектин Ленин районунан алынгандыктан 2500 сом дагы, райондордо 500 сом экен. Мисалы, мен Өзгөндө каттоодо турсам 500 сомго алат экем. Бул реалдуу эмес да. Анысы го мейли, көйгөй ошол патенттин башка жакка жарабашында болуп жатпайбы.
Биз, өнөрпоздор элге кызмат кылып өз арабабызды өзүбүз согуп, өз духубузду өзүбүз көтөрүп жатсак, концерт койгонго салык төлөгөнүбүз аз келгенсип эми тойго чакырылганыбыз үчүн да төлөйбүзбү? Кечээ Оштон балдар чалышты, бирөө Жалал-Абадга тойго чакырылган экен, Оштун патентин көрсөтсө жарабайт бизге дешиптир салыкчылар.
Кеп акчада эмес, баары реалдуу болсо эмне. Тойго барганыңа салык салат деген туура эмес. Той деген ыраазычылык да. Бирөө 2 миң берсе, бири 10 миң берет, стабилдүү айлык эмес. Мисалы, мен тойго командам менен барам, ырчы, бийчи бар, жар-жар айтканы бар, тапкан акча өзүмө эле тиешелүү эмес да.
Кызуу талкуу жараткан салык
Соцтармактарда да бул маселе кызуу талкууланып жатат. Айрымдары шоу-бизнестегилерди колдоп «эми сүйлөгөн сөздөрүнө да салык төлөйбү» деп жатышса, кээ бирлер «ар бир өлкө жараны тапкан кирешесинен салык төлөөгө тийиш, булар да төлөшсүн» деген пикирде.
Зулпидин Нурматов, Орусияда иштейт:
-Оу-у тамадалар, бир тойго тамада болуп бер десе оозуңарды толтуруп кеминде 10 миң сом дейсиңер. Мыкырланбай 2 миң сомго патент жасатып алгыла да… Ошол сенин өлкөңө кошкон салымың.
Эмил Балтагулов, ырчы:
-Менде патент бар. Салык мамлекеттик мекеме, ишканада иштеген кесиптештерден башкасына салынса туура болот. Биз ансыз да жарыбаган айлыктан салык төлөп келебиз. Бензин менен түштөнүүгө кеткен акчаны эсептегенде мамлекетибизге бекер иштеп берип жатабыз.
Санжар Эралиев, журналист:
-Ырчы, тамада дос-тааныштар, капа этпегиле, бирок мен "өнөр адамдары патент менен иштесин" деген талапты колдойм. Ал туура талап.
Астра Исмаилова, интернет колдонуучу:
-7 баланын энеси Гульнара Кахарова эжекем бүгүн патент алды. Баасы 2500 сом экен. Биринчилерден болуп. Урматтуу маданият кызматкерлери, тойдон качпай, аландабай ырдайсыңар алып, чөнтөгүңөргө салып алгыла. Салыкчылар келсе алдына көтөрө чапканга жакшы, качкандан көрө. Салыкчылар уялганынан өзү качсын.